Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.07.2018 13:47 На русском

Аялын чачтап, депкир менен сабаган 19 жаштагы жигитке сот 3 миң сом айып салды

Turmush -  Жалал-Абаддагы Сузак райондук соту 19 жаштагы айыпталуучу Уларбекке (ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Уларбек 2018-жылдын 5-мартында саат 08:00 чамасында жубайы Мираны (ысымы өзгөртүлдү) сабаган деп айыпталып жатат. Окуя Сузактагы Кара-Алма айылында болгон.

Ал эми айыпталуучунун айтымында, ошол күнү аялы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, аны үйгө күч менен алып кирген. Бирок депкир менен сабаган эмес. Жубайлардын ортосунда андан 10 күн мурун да уруш чыгып, анда аялынын көзүнө сокку урганын айтты.

Жабырлануучунун көрсөтмөсү боюнча, 4-марттагы жаңжал учурунда күйөөсү аны депкир менен ургулаган. 5-мартта саат 08:00 чамасында алар кайрадан чырдашып, чачынан сүйрөп үйгө алып кирген күйөөсү ур-токмокко алган.

Жыйынтыгында сот Уларбекке 3 миң сом өлчөмүндө айып салды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×