Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 26.07.2018 12:30

Сузакта сууга түшкөн бут кийимин алам деген 4 жаштагы бала өзү кошо агып кетти

Turmush -  Сузак районунда мал айдаган агаларын ээрчип чыккан 4 жаштагы бала Көк-Арт дарыясына агып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында 25-июлда саат 17:00 чамасында катталган. Дарыяга аккан Умар 4 жашта эле.

Ал ошол күнү мал багып жүргөн 8 жана 6 жаштагы бир тууган агаларын ээрчип чыккан болчу. Көк-Арт дарыясынын жээгинен бут кийимин сууга түшүрүп алып, аны алууга аракет кылганда дарыяга түшүп кеткен.

Аталган окуяны ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×