Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.07.2018 10:15

Сузакта сууга чөгүп кеткен 5 жаштагы кыздын денеси табылды

Turmush -  18-июлда Сузак районунун Кара-Алма айылындагы сууга чөгүп кеткен 5 жаштагы кыздын денеси кечээ, 19-июлда табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-июль күнү саат 12:00 чамасында Кара-Алма айылынын эс алуучу жайында эс алып жүргөн 1987-жылы туулган А.Ж. аттуу адам 2013-жылы туулган А.Х. аттуу кызын ойноп жаткан жеринен таппай калган. Кыздын денесин ӨКМдин куткаруучулары 19-июль күнү саат 11:30да Кара-Алма суусунан таап, туугандарына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×