Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 19.07.2018 15:31

Сузакта эс алуу жайынан дайынсыз жоголгон 5 жаштагы кыздын денеси табылды

Turmush -  Сузакта эс алуу жайынан дайынсыз жоголгон 5 жаштагы кыздын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-июлда саат 12:00 чамасында Сузак районунда Кара-Алма айыл аймагынын Кара-Алма айылынын эс алуучу жайында эс алып жүргөн 1987-жылы туулган Ж.А. (атасы) аттуу жаран өзүнүн 2013-жылы туулган А.Х. аттуу кызын ойноп жаткан жеринен таппай калган. Божомол боюнча дайынсыз болуп жаткан кыз Кара-Алма суусуна түшүп кеткен.

Өз алдынча издешип натыйжа болбогондуктан, кечинде ӨКМге кайрылышкан. Издөө иштерине саат 20:40 чамасында ӨКМдин №58 Өрт куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, туугандары кошулуп издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Натыйжада 19-июль күнү саат 11:30 чамасында 5 жаштагы кыздын жансыз денеси болжол менен өзү жоголгон жерден 500 метр ылдый тараптан куткаруучулар тарабынан Кара-Алма суусунан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×