Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 19.07.2018 10:05 Жаңыланды: 19.07.2018 11:19

Сузакта эс алуу жайынан 5 жаштагы кыз дайынсыз жоголду (толукталды)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 5 жаштагы дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-июлда саат 12:00 чамасында Сузак районунда Кара-Алма айыл аймагынын Кара-Алма айылынын эс алуучу жайында эс алып жүргөн 1987-жылы туулган Ж.А. (атасы) аттуу жаран өзүнүн 2013-жылы туулган А.Х. аттуу кызын ойноп жаткан жеринен таппай калган.

Өз алдынча издешип натыйжа болбогондуктан, кечинде ӨКМге кайрылышкан. Издөө иштерине саат 20:40 чамасында ӨКМдин №58 Өрт куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, туугандары кошулуп издөө иштерин жүргүзүшкөн.

19-июлда саат 06:00дө, издөө иштерине кошумча ӨКМдин №59 Өрт куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер тартылып, туугандары кошулуп издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Издөө иштерине жалпы 23 адам тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×