Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 17.07.2018 09:34

Акыркы суткада өлкө аймагында 31 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 31 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 37 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 17-июлда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу Лаадан Кара айылында 2 турак үйдүн жана сарайдын 295 чарчы метр чатыры, 450 түк саман күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле электр зымдарынын кыска туташуусунан Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Чие айылында сарай өрттөндү. Өрт коңшу сарайга жайылып, чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×