Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 16.07.2018 16:49

Сузакта бир убакта эки турак үйдөн өрт чыгып, үй жана сарайлар жарактан чыкты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 16-июлда Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндө бир убакта эки турак үйдөн өрт чыгып, турак үй жана сарайлар жарактан чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук өрттү өчүрүү, алдын алуу жана авария куткаруу бөлүмүнүн улуу офицери Азизбек Багишев билдирди.

Анын айтымында, айылдын эки башка бөлүгүндөгү өрттү өчүрүү үчүн жалпысынан 5 өрт өчүрүүчү бөлүк тартылган.

«Бүгүн, 16-июлда саат 07:40 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу Лавдан-Кара айылында жашаган С.Н.га катталган турак үйдүн сарайынан өрт чыгып, анын 70 чарчы метр аянты жана анда жыйылып турган 40 боо чөп өрттөнгөн. Өрттү өчүрүү үчүн өрт өчүрүү кызматынын эки бөлүгү тартылып, өрт саат 08:55те толугу менен өчүрүлдү.

Ушул эле күнү Лавдан-Кара айылынын Тынчтык көчөсүнүн №3 дарегинде жайгашкан үйдөн өрт чыгып, үйдүн 115 чарчы метри, ал эми сарайынын 90 чарчы метри, анда жыйылып турган 400 даана таңгакталган беде толугу менен өрттөнгөн. Өрт ошол эле көчөдөгү №2 турак үйдүн сарайына уланып, анын 90 чарчы метри, 50 даана таңгакталган беде жана 400 боо жүгөрү толугу менен өрттөнгөн. Аталган өрт кырсыгы саат 07:02де чыгып, саат 09:50дө толугу менен өчүрүлдү. Өрттү өчүрүү үчүн 3 өрт өчүрүүчү бөлүк тартылды. Учурда эки объектте тең өрттүн чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда», - дейт А.Багишев.

Жыл башынан бери облуста 226 өрт кырсыгы катталып, 31 млн 192 миң сом зыян келтирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×