Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 03.07.2018 14:36

Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун аймагына таш түшүп, жол жабылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-июлда саат 08:00 чамасында Жалал-Абад—Казарман унаа жолунда тоонун боорунан шагыл аралаш таш түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шагыл аралаш таш Сузак районунда жааган жаандын кесепетинен улам унаа жолдун 63-64-чакырымдарында, тактап айтканда Курманбек аймагынын Үрүмбаш тилкесине түшкөн.

Тогуз-Торо районунун Жарандык коргонуу башчысынын №166 буйругунун негизинде унаа жолу жабылган. Абалды көзөмөлдөө үчүн ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы чыгып кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×