Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.06.2018 18:19

Сузакта ишкерден 10 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Turmush -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ишкерге бут тоскон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 25-майда болгон, бирок ишкер коркуп эч кимге айткан эмес. Оперативдүү маалыматтардын негизинде милиция кызматкерлери ишкер менен жолугушуп, анын арызын алышкан.

Сузак районундагы жеке ишкерлердин бири өз арызында: «25-май күнү саат 16:00 чамасында мен өзүм иштеген Сузак районунун аймагындагы таш заводумда олтурсам, бейтаныш болгон Замир аттуу бала «сиз менен менин башчыларым сүйлөшөлү деп жатышат» деп алдап, Жалал-Абад шаарына алып барды. Ал жерден мени өзүнүн шериктери менен «таш заводуңду жабасың же 10 000 АКШ доллар акчасын бересиң, болбосо буту колуңду сындырып, чаап өлтүрүп салабыз» деп сабап, коркутушуп 30 000 сом акчамды алышып, ал жерден мени үйүмө алып келишип үйдөн дагы 85 миң сом акчамды алып кетишти», - деп жазган.

«Бул фактыда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин (опуза, талап кылуу) 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери байкалгандыктан кылмыш иши козголуп, кылмышка тиешеси бар, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Сузак районунун 1985-жылы туулган Н.З., аттуу тургуну 18-июнда кармалып, 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад ОИИБ жогорудагыдай көрүнүштөргө дуушар болгон жарандарды өз убагында билдирүүгө чакырат жана кылмыштуу топтордун аракеттерине бөгөт коюуга толук мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×