Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.06.2018 09:22 На русском

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы министрликти 2-жолу сотко берди

Turmush -  Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бечелов КРнын Билим берүү жана илим министрлигин экинчи жолу сотко берди. Тактап айтканда, быйылкы жылдын март айында министрдин буйругу менен бөлүм башчы кызматынан бошотулган болчу. Бул кадамга нааразы болгон бөлүм башчы министрликтин кызматтан алуусу боюнча Сузак райондук сотко кайрылып, сот доогердин доосун канааттандырган. Бөлүм башчынын айланасындагы маселеге аймактык кабарчы саресеп салды.

Буга чейин маалым болгондой, Сузак райондук мамлекеттик администрациясы былтыркы жылы райондук коллегиянын чечими менен эки жолу билим берүү бөлүмүн жетектеп келе жаткан Алмаз Бечеловдун кызматын кароо боюнча министрликке сунуш жиберген. Тактап айтканда, былтыркы жылдын август айында жана жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияда билим берүү тармагы каралып, мындан соң жумушунан четтетүү сунушун беришкен.

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги райондук коллегиянын сунушун карап, министрликтин коллегиясынын чечими менен министр аны үстүбүздөгү жылдын март айында кызматынан бошоткон болчу.

Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев да райондук мамлекеттик администрация эки жолу сунуш бергенин ырастады. Акимдин айтымында, министрлик бөлүм башчыны кызматтан алууда жазуу түрүндө сунуш сурабагандыктан жазып берген эмес, эгер макулдук сураса жазып беришмек.

«Бизде бир эмес эки жолу райондук коллегиянын чечими менен кызматын кароо боюнча министрликке сунуш кеткен», - деп билдирди Э.Омошев.

Ал эми бөлүм башчы Алмаз Бечелов кызматтан четтетилгенине нааразы болуп, Сузак райондук сотко кайрылган. Анын айтымында, ал ооруп жаткандыгына карабастан жумушунан бошотулган.

«Сузак райондук ооруканада жатканыма карабастан министрлик мени кызматымдан бошотуп коюшкан. Андан сырткары мени кызматымдан алууда район акиминин жазуу түрүндөгү макулдугу да болгон эмес. Андан башка да юридикалык каталарга жол берилген. Ошол үчүн сотко кайрылдым. Сот кызматымды калыбына келтирүү боюнча чечим чыгарып берди», - деп билдирди ал.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, доогер Сузак райондук сотуна кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 11-июнь күнү сот өз чечимин чыгарган.

Алмаз Бечелов 2014-жылы дал ушул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына өткөн сынакка катышып, белгилүү упайды топтой алган. Анын негизинде министрлик тарабынан билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Бирок ошол кездеги район акими Нурболот Мирзахмедов министрлик райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын дайындоодо район жетекчилиги менен макулдашуу болбогондугун билдирип, кызматка келүүсүнө макулдук берген эмес.

Мындан улам министрлик Бечелов боюнча чыгарган буйругун кайтарып алган. Бул абалга нааразы болгон Бечелов министрлик менен соттошууну баштаган. 3 жылдай министрлик менен соттошкон бөлүм башчы 2017-жылы март айында Жогорку соттон министрликти утуп, кызматы кайрадан калыбына келтирилген. Ошентип 2017-жылдын апрель айынан тарта ал бөлүм башчылык кызматты аркалап келе жаткан. Бир жылдан соң кайрадан кызматынан бошоп, экинчи жолу министрликти сотко берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×