Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Жалал-Абад

Сузакта июнь коогалаңы эскерилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13-июнда Сузак районуна караштуу Топурак-Бел участкасындагы санпа окуясы болгон жерде июнь коогалаңы эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев катышты. Анда айрым күчтөрдүн кызыкчылыгынан июнь окуясы болгону, бирок элдин ынтымагы, биримдиги ошол учурдагы кыйын күндөрдү жеңип өткөндүгү айтылды.

Каргашалуу июнь коогалаңында жакындарынан айрылгандар өз нааразычылыктарын айтышты.
«Санпа шейиттери» коомунун мүчөсү Караев Аскарбек каргашалуу окуянын чыгуусуна себепкерлер жоопко тартылбай жатканына нааразы экенин айтты. Анын айтымында, аткаруучулар гана камалды. Ал эми уюштуруучулар чет мамлекетте качып жүрөт.

«Коогалаңды уюштуруучулар өз жазасын алышы керек. Чет жакта чардап жүргөндөр камалсын! Эми жаңы бийликтен үмүт артып жатабыз. Жазасын алмайынча эл көксөөсү бөксөрбөйт», - деди ал.

Ошондой эле ал акыркы жылдары бийлик бул окуяда жабыр тарткандарга кайдыгерлик мамиле жасап жаткандыгын айтып, июнь окуясын эскерүүгө жогорку бийликтин өкүлдөрү келбегенине нааразы болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 739
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×