Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 09.06.2018 12:41

Фото: Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 3 адам каза болду, кичүүсү 12 жашта (тизме)

Turmush -  Бишкек — Ош жолунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык болду. Окуя бүгүн, 9-июнга караган түнү саат 04:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 584-чакырымында, тактап айтканда Жалал-Абаддагы Сузак районунун Барпы айылынын аймагында болгон.

ӨКМдин маалыматы боюнча, «Вольво» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен «Хендай Портер» үлгүсүндөгү жүк тартуучу унаа кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде 2 адам каза болуп, үчүнчүсү ооруканага бара жаткан жолдо көз жумду. Көз жумгандар «Хендай Портер» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү.

ӨКМдин №58 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге барып, керектүү жардамдарды көрсөтүштү. Учурда тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатышат.

Каза болгондордун тизмеси:

- 1963-жылы туулган Х.М. (кырсык болгон жерде каза болгон);

- 1995-жылы туулган Х.Х. (кырсык болгон жерде каза болгон);

- 2006-жылы туулган Ж.Н. (ооруканага бара жаткан жолдо каза болгон).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×