Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Жалал-Абад

Сузакта сабалып өлтүрүлгөн мугалимдин жакындары тергөө ишин кайрадан кароону өтүнүштү

Turmush -  Сузак райондук сотунун чечими менен Ленин айыл аймагынын Гавриловка айылындагы мугалимдин өлүмү боюнча кылмыш ишти тергөөгө жөнөтүү каралууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Сатыбалды Жээнбеков атындагы орто мектептин киши колдуу болуп көз жумган мугалими Б.А.нын жакындары кылмыш иш боюнча жүргөн тергөөгө толук канааттанган эмес. Мындан улам жабырлануучу тараптын жактоочусу ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүү боюнча Сузак райондук сотуна өтүнүч менен кайрылган.

Жалал-Абад облустук сотунун маалыматына караганда, Сузак райондук сотунун 2018-жылдын 16-майындагы токтому менен жабырлануучу тараптын кылмыш ишти тергөөгө жөнөтүү тууралуу өтүнүчү канааттандырылган. Кылмыш иш тергөөнүн кемчиликтерин жоюу үчүн райондук прокуратурага кайтарылган. Ал эми соттолуучу Б.Р. камакта калтырылды.

«Соттун бул токтомуна Сузак райондук прокуратурасы макул болбой, Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык сунуш менен кайрылган. Сузак райондук сотунун 2018-жылдын 16-майындагы токтомун жокко чыгарып, кылмыш ишти негизинен кароо үчүн ошол эле сотко жөнөтүүнү сурады», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Сузак районуна караштуу Ленин айыл аймагынын Гавриловка айылында жайгашкан Сатыбалды Жээнбеков атындагы мектептин мугалими Б.А.нын жансыз денеси өз үйүндө табылган. Бул маалыматты жергиликтүү жашоочулар жана анын кесиптештери тастыкташкан.

Маалыматка караганда, окуя 27-январь түнү болгон.

Элеттиктердин ырастоолорунда, каза болгон мугалим 1996-жылдан бери С.Жээнбеков атындагы орто мектепте балдарга билим берип келген. Анын эки уулу тең Россияда иштеп, өзү үйүндө жалгыз жашачу. Бирок ошол эле айылда бир туугандары, ата-энеси болгондуктан кээде алардын үйүнө барып түнөсө, кээде жакындары анын үйүнө келип турушчу. 27-январь күнү кечинде андан кабар алганы барган жакындары жансыз денесин табышкан. Дароо милиция чакыртылып, алар тийиштүү иштерди жүргүзүшкөн.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милиция кызматкерлери тарабынан оор кылмыштын бети ачылган.

Маалыматта белгиленгендей, алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө ыкчам топ жана тергөөчүлөр окуя болгон жерден кийимдин бөлүгүн табышкан. Ал эркек кишиге таандык экени аныкталган. Ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери шектүү катары аталган райондун 1965-жылы туулган тургуну Б.Р.ны кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү мас абалда маркумдун үйүнө барып, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен шектүү үй ээсин ур-токмокко алып, денесине зыян келтирген. Үй ээси алган жаркатынан улам көп узабай каза болгон.

Оор кылмыш боюнча топтолгон материалдардын негизинде Сузак РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1964
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×