Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 29.05.2018 09:16

Сузактагы Көк-Арт дарыясына 7 жаштагы бала агып кетти

Turmush -  Жалал-Абаддагы Сузак районунда Көк-Арт дарыясына 7 жаштагы бала агып кетти. 2011-жылы туулган Т.У.М. сууга кечээ, 28-майда саат 19:00 чамасында Таш-Булак айыл аймагында агып, аны издөө иштерине ӨКМдин №65 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 14 куткаруучу, Жалал-Абад шаардык №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 суучул, №58 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, жалпысынан 19 куткаруучу жана РИИБден 25 кызматкер тартылган.

ӨКМ билдиргендей, саат 20:50 чамасында куткаруучулар баланын жансыз денесин таап, ата-энесине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×