Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда турак үйдүн жер төлөсүнөн мылтыктын октору алынды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагынан акыркы 20 күндүн ичинде 8 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинде 1 даана сайлуу, 7 даана сайсыз ок атуучу куралдар бар. Алардын жарымы мыйзамсыз, документтери жок сакталгандыгы үчүн алынса, жарымын ээлери түшүндүрүү иштеринин натыйжасында өз ыктыярлары менен милиция кызматкерлерине тапшырган.

Мындан тышкары, 19-майда Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзүлүп, үйдүн жер төлөсүнөн ок атуучу куралдын 51 даана 5,45 мм калибрдеги, 13 даана 7,62 мм калибрдеги октору алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 793
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×