Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 10.05.2018 18:27

Сузактык 98 жаштагы ардагер Т.Базаров согуш учурунда көргөн күндөрүн айтып берди (фото)

Turmush -  Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын 98 жаштагы тургуну, согуштун ардагери Төлөн Базаров согуш учурундагы күндөрүн аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, 1941-жылы ал 17 жашта болгон жана кан майданга күтүүсүз эле жөнөп кеткен.

«Атам жаш кезимде кайтыш болуп кеткен. Мен бир туугандарым менен талаада будай оруп жүргөм. Жаныбызга «УАЗ» унаасы токтоп, бизди тезинен Жалал-Абадга аскердик комиссариатка баргыла деп айтышты. Биз айылдан төртөөбүз Жалал-Абадга келдик. Аскердик комиссариаттан ден соолугубузду текшеришкен соң, «жарайт» деп айтышты. Ошол жерден эле дароо поездге отуруп согушка жөнөп кеттик. Курсагыбыз ачка, жумуш кылып жаткан жерден эле жөнөгөнбүз. Ташкентке жетип, ысык тамак ичтик. Ошол жерден бизди дивизияларга бөлүштү. Баягы чогуу келе жаткан төрт дос, төрт жакка бөлүнүп кеттик. Мен Новосибрск шаарына жөнөп кеттим», - деди ардагер.

Мындан сырткары, ардагер согуш аяктагандан кийин да төрт жыл аскер кызматын аркалаганын кошумчалады.

«Эх, ошол күндөрдү эстесем дале көзүмө жаш алам! Анткени согуш талаасында жаныңдан ажал огу учуп өтөт. Кээде душмандар басымдуулук кылып, бизди курчап алышты. Ошондой учурда жатып алып атууга туура келет. Ар дайым ошол күн азыр кайталанбасын деп тиленем. Согушта жүргөндө айрым учурда бир сындырым нан жегенге зар болор элек, азыр болсо жыргал заманда жашап жатабыз. 1945-жылдын май айында өзүбүздүн базада отуруп, курал-жарактарыбызды чачып, ичин аарчып, тазалап жатканбыз. Бир учурда командирге аскердик унаада бирөөлөр келип, кайра бат эле чыгышты. Командир чыккан учурда баарыбыз ордубуздан туруп, бир нерсени угууга камдангандай командирдин оозуп аңдып жаттык. Бир учурда бизди тургузуп, асманга ок атууну буйруду. Биз түшүнбөй калдык. Буйрукту аткаргандан кийин гана командир "Ураа! Ураа! Ураа!" деп жеңиш менен куттуктады. Ошол мүнөттөрдү азыркыга чейин унута албайм. Аскерлер бири-бирибизди кучактап, ыйлап жаттык. Айтор жеңиш көп кан түгүүлөрдүн арты менен келди. Ошентип согуш аяктагандан кийин мен ошол эле Новосибирск шаарында 4 жыл кызмат өтөп, андан кийин мекениме кайттым», - дейт Т.Базаров.

Улуу Ата Мекендик согушка Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн жалпы 559 жоокер кетсе, анын 146сы кайра кайтып келген. Учурда аталган айыл өкмөттө согуштун 3 ардагери жана тылдын 2 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×