Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 10.05.2018 09:32

Көк-Арт дарыясынын суусун бөгөп калкан жер көчкүнү нөөмөттөгү ыкчам топ көзөмөлдөп жатат

Turmush -  Сузак районундагы Курманбек айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы өзгөчө кырдаалды көзөмөлдөө максатында 2 адамдан турган ыкчам топ нөөмөттө турушат. Аталган аймакта ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн офицери жана Кыргызгидрометеорология агенттигинин кызматкери бар, деп билдирди министрлик.

29-апрель күнү Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен көлөмү болжол менен 1,5 млн метр куб жер көчкү сүрүлүп, анын ичинен 48 миң метр куб көлөмдөгү жер көчкү Көк-Арт дарыясынын суусун бөгөп калган. Топтолгон суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу боюнча агып жаткан. 2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү активдешип, 64 миң метр куб сүрүлүп түшүп, кайрадан суунун нугун бөгөп калган болчу. Учурда топтолгон суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу боюнча агып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×