Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 09.05.2018 08:01

Улуу Жеңишке 73 жыл: Башкортостандык В.Афчининко согуштан кийин Кыргызстанга эжесин издеп келген (фото)

Turmush -  Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын 92 жаштагы тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Василь Афчининко Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын белгилеп жатканына кубанат. Ардагерден аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал согуштан кийин өзүнүн мекени болгон Башкортостанга кайра кайтып барган эмес.

«Согушка чейинки убакытта эле ата-энем ачарчылыктан кайтыш болуп кетти. Ошентип катаал жылдарда мен жана бир тууган эжем экөөбүз калдык. Ошол 1943-жылы мен болгону 16 жашта болчумун, кийин мени аскерлер менен биргеликте кан майданга алып кетишти. Жаңы барган учурубузда эч нерсени билбеген жаш жигит элем. Мойнума миңдеген окторду ороп алып, согуш талаасында чуркап жүрдүм. Биз Новосибирск шаарына жакын жерде жүрдүк, бир дивизияда 200гө чукул аскер болгонбуз. Бирок ошол учурда немистердин курал-жарагы биздикине караганда бир кыйла эски болчу. Мисалы биздин куралдар менен бир чакырым алыс аралыкка мээлеп атсаң болот, ал эми алардын куралдарынан атылган ок 200-300 метр аралыкка гана жетет. Ошол учурда тамак-аш жетишсиз эле, бирок баарыбыздын бир гана максатыбыз — душмандарды жеңүү эле. Ошентип канча деген кан төгүүлөрдүн арты менен жеңишке жетип отурабыз. Азыр ошондой апаат күндүн болушун каалабайм», - дейт ардагер В.Афчининко.

Ал жеңиш үнүн душмандын согуштук базасына чалгындоо иштерине барып, кайра базага келгенде гана укканын эскерди.

«1945-жылдын 7-майы эле. Ошол күнү душмандын базасынан жаңы эле чалгындоодон келгенбиз. Бир убакта командирибиз күлүмсүрөп келип, бизди катарга тургузуп, «Ураа!» «Ураа!» деп кыйкыртып алып, анан жеңишке жеткенибизди угузган. Ошол мүнөт дале болсо эсимден кетпейт. Ошентип согуш 1945-жылы аяктады, бирок мен 1951-жылы үйгө кайттым. 6 жыл аралыгында Кытайда армияда аскердик милдетимди өтөдүм. Согуштан кайтсам эч ким жок, жалгыз эжем да Кыргызстанга келип, турмушка чыгыптыр. Аскердик кызматты чогуу өтөгөн досторум менен мен дагы Кыргызстанга келип, эжемди таптым.

Кийинчерээк Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасында иштеп жүрүп, татар улутундагы кызды жактырып, экөөбүз баш коштук. Аны менен 56 жыл бирге жашап, бир уулду жана бир кыздуу болдук. Кийинчерээк 2008-жылы аялым кайтыш болду. Анын сөөгү мына ушул Кара-Дарыяга коюлган. Аялым кайтыш болгон соң өз өлкөмө да барып көрдүм, бирок ал жакта жүрө албай койдум. Кайра Сузакка келип жашап калдым. Кочкор-Ата шаарында иштедим, кийинчерээк Кара-Дарыядагы мекемеде иштедим. Жалпы 50 жылдан ашуун убакыт нефтегаз тармагында иштептирмин», - деди ардагер.

Мындан сырткары, ал Башкортостан өзүнүн туулуп өскөн мекени, бирок Кыргызстан анын экинчи мекени экенин кошумчалады. Ардагердин учурда 6 небере, 2 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×