Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 03.05.2018 11:00

Сузакта жер көчкү тосуп калган Көк-Арт суусу өз нугуна түштү, - аким

Turmush -  Сузак районунда Көк-Арт суусу өз нугуна түштү. Бул тууралуу район акими Эрмекбай Омошев билдирди.

Анын айтымында, райондо Сары-Булак айылында мурда да жер көчкү түшүп, сууну тосуп калган. Ошол аймактан түнү дагы 1 млн 200 куб метр көчкү түшкөн.

«Бүгүн эртең менен өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары М.Акматов болуп окуя болгон жерге барып келдик. Көчкү түшкөн жерден суу өтүп жатат. Суу өз нугуна түштү», - дейт аким.

Буга чейин Сузак районунда жер көчкү активдешип, сууну кайрадан тосуп калгандыгын маалымдаган.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 29-апрель күнү Курманбек айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен болжол менен 1,5 млн метр куб жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 000 метр куб жер көчкү Көк-Арт дарыясын бөгөп калган. Топтолгон суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу боюнча агып жаткан. Бирок 2-майда саат 20:15 чамасында жер көчкү активдешип сүрүлүп түшүп, кайрадан суунун нугун бөгөп калды. Учурда топтолгон суу (болжол менен 1 млн 200 миң метр куб) жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу менен агууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×