Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Жалал-Абад

Сузакта 60 жаштагы Махабат Токторбаева эң ажарлуу айым деп табылды (фото)

Turmush -  Элет жергесиндеги таланттуу кыз-келиндерди колдоо жана алардын өнөрүн элге таанытуу максатында «Ажарлуу айым - 2018» кароо-сынагы башталды. Бул сынак алгач Сузак районунда өттү.

Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору Дилкумар Жолдошеванын айтымында, саамалык жеке ишкерлердин жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен жүзөгө ашууда.

«Бул демилгени филармониянын кызматкери, ырчы жана обончу Самаган Кочкоров көтөрүп чыгып, кароо-сынактын жобосун, программасын бизге сунуштады. Көркөм кеңеште каралып, жактырылган соң ишибизди баштадык. Мында кароо-сынак эки этап менен өтөт, биринчисинде район-шаарларда, экинчи этабы облустук деңгээлде өтөт. Максаты — элеттик кыз-келиндерибиздин талантын колдоо менен бирге кыргыздын улуттук каада-салттарын, үрп адаттарын, ырларын даңазалоо», - дейт Д.Жолдошева.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өткөрүлүп жаткан сынак Сузак районунан башталып, ага он бир айым катышты. Ар бир айыл аймактан бирден ар кыл таланттуу айымдар күч сынашып, алар алты тапшырманы аткарган соң, Ленин айыл аймагынан келген 60 жаштагы Махабат Токторбаева биринчи орунга ээ болуп, облустук турга жолдомо алды. Кызыл-Туу айыл аймагынын тургуну, кароо-сынактын эң улуу катышуучусу болгон Чачтыкан Чанакова андан кийинки орунга жетишти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1392
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×