Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 30.04.2018 13:52

Сузак менен Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Turmush -  Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 30-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 29-апрелде саат 09:30 чамасында Курманбек айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен болжол менен 1,5 млн метр куб жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 000 метр куб жер көчкү Көк-Арт дарыясын бөгөп калган.

Учурда топтолгон суу (болжол менен 450 миң метр куб), жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агууда. Жеринде абалды көзөмөлдөө максатында 5 адамдан (райондук ӨКБдан 1 офицер, гидрометтен 1 кызматкер жана айыл аймактан 3 адам) турган ыкчам топ нөөмөттө турушат.

Мындан сырткары өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 30-апрелиндеги №153 буйругунун негизинде киргизилген өзгөчө кырдаалдар тартиби алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×