Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 30.04.2018 11:21

Сузакта 400дөй окуучу катышкан «Ынтымак-достук» эстафетасы өттү (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагындагы Октябрь айылындагы Мичурин мектебинде «Ынтымак-достук» аталыштагы спорттук саамалык өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондун жогорку зоонасындагы окуучулар арасында өтүп жаткан мелдеш спорттун жети түрү боюнча өтүп жатат.

2012-жылдан бери Жалал-Абад ОИИБ менен Сузак райондук билим берүү башкармалыгы биргеликте өткөрүп келген иш-чарага ОИИБдин, райондук администрациянын өкүлдөрү жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Мамасалы Жумаев катышьы.

Милиция өкүлдөрү балдарды спорт менен дос болууга, спортту сүйүүгө чакырышты. Согуш ардагери өлкөдө тынчтык болуусун тиледи. Бул иш-чара КР билим берүүнүн отличниги, ИИМдин ардагери, милициянын отставкадагы подполковниги Аззам Ниязбаевдин демилгеси менен өтүп келүүдө.

Иш-чара Улуу Жеңиш күнүнүн 73 жылдык маарекесине арналып, «Баатырлар, элесиңер эсибизде» деген ураан менен окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, профилактикалык иштерди жүргүзүү, жаштарды массалык түрдө спортко тартуу максатында өттү. Ага 23 мектептен 400дөй окуучу катышып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×