Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 30.04.2018 09:25 На русском

Сузак менен Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал: Жер көчкү түшкөн Көк-Арт дарыясынын учурдагы абалы (видео, фото)

Turmush -  Кечээ, 29-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен болжол менен 1,5 млн метр куб жер көчкү сүрүлүп келип (узуну 320 метр, туурасы 25 метр, бийиктиги 6 мерт) дарыянын суусун жаап калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

29-апрель саат 19:00гө карата топтолгон суунун көлөмү болжол менен 400 000 метр кубду түзгөн. Учурда топтолгон суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу боюнча агууда. Ошондой эле окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов келди. ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жана жарандык коргонуу кызматынын ыкчам тобу тиешелүү иш-чараларды көрүп жатышат.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Буга чейин Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилгени маалымдалган.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жогоруда түзүлгөн жагдай боюнча өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев облустук ыкчам штаб өткөрүп, тийиштүү тапшырмалар берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×