Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 29.04.2018 20:21

Сузак менен Жалал-Абад шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда жер көчкүнүн кесепетинен Көк-Арт дарыясынын агымы толугу менен токтоп, ал кооптуулукту жаратууда.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жогоруда түзүлгөн жагдай боюнча өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев облустук ыкчам штаб өткөрүп, тийиштүү тапшырмалар берилди.

Азыркы тапта Сары-Булак айылында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев, облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев жүрөт. Ал эми өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун да келээри күтүлүүдө.

Бүгүн, 29-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен болжол менен 1,5 млн метр куб жер көчкү сүрүлүп келип (узуну 320 метр, туурасы 25 метр, бийиктиги 6 мерт) дарыянын суусун жаап калган. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×