Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 29.04.2018 16:59

Жер көчкү: Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизүү каралууда (видео, фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жана Көк-Арт дарыясына жакын жайгашкан айылдарды эвакуациялоо жагы каралып жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган жерде ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси, капитан Замирбек Дүйшөбаев баштаган ыкчам топ иштеп жатышат.

Бүгүн, 29-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен болжол менен 1,5 млн метр куб жер көчкү сүрүлүп келип (узуну 320 метр, туурасы 25 метр, бийиктиги 6 мерт) дарыянын суусун жаап калган. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×