Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 29.04.2018 14:16

Сузакта жер көчкү Көк-Арат дарыясын бөгөп калды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 29-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен болжол менен 1,5 млн метр куб жер көчкү сүрүлүп келип (узуну 320 метр, туурасы 25 метр, бийиктиги 6 мерт) дарыянын суусун жаап калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, аталган жерде ӨКМдин Сузак райондук бөлүмү, Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук жарандык коргонуу кызматтары тиешелүү иш-чараларды көрүп жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Учурда көп көлөмдөгү көчкү жүрүү кооптуулугу да күч жаралууда. Эгер дагы жер көчкү жүрсө, анда дарыя жээгинде жашагандар эвакуацияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×