Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 29.03.2018 14:21

Сузактын Бек-Абад айылынын эли 4 айдан бери арыктан суу ичүүгө аргасыз (фото)

Turmush -  Сузак районунун Бек-Абад айылында төрт айдан бери таза суу чыкпай, жергиликтүү тургундар арыктагы сууну ичүүгө аргасыз болушууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Абдукахар Сайдувалиев билдирди.

Анын айтымында, ичүүчү суу муктаждыгынан элеттиктер кыйналып келет.

«Таза суу токтоп калганына 4 айдын жүзү болду. Ошол учурдан бери арыктагы сууну пайдаланууга аргасыз болуудабыз. Бул арыктын жээгине айрымдар таштанды төгүп жиберишет, жада калса иттин өлүгүн да таштап коюшат. Ушундай абалдагы арыктын суусун тургундар пайдаланууга аргасыз болууда», - дейт А.Сайдувалиев.

Ал эми Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Шухрат Шералиев айыл элинин бул көйгөйү жакынкы аралыкта чечиле турганын белгиледи. Насостук станция бузулуп калгандыктан, таза суу берүү үзгүлтүккө учурап жатат.

«Бул айылдагы скважинанын жалпы 700гө жакын абоненти бар. Ал скважина элге тиешелүү болгондуктан анын электр энергиясын жана ал жерде иштеген кызматкерлердин айлыгын эл өзү топтоп берет. Калк пайдаланган насостук станцияны оңдоо аракети жүрүүдө. Бул боюнча тендер жарыялаганбыз. Алдыдагы 10 күн аралыгында айыл эли ичүүчү таза суу менен камсыз болушат», - дейт ал.

Атабеков айыл аймагында жалпы 28 миң жашоочу болсо, аларды таза суу менен камсыздоочу 18 насостук станция бар. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 17 станция жарактуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×