Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 23.03.2018 15:15

Сузакта аткезчилик жол менен Өзбекстанга косметикалык каражаттарды алып өтүүгө аракет кылган 2 жаран кармалды

Turmush -  Бүгүн, 23-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында чек арачылар аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракет кылган жарандарды колго түшүрдү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстандын эки жараны Өзбекстанга аткезчилик жол менен косметикалык каражаттарды алып өтүүгө аракет жасаган. Алар мамлекеттик чек арадан 100 метр алыс жерде кармалды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жүктүн жалпы баасы 350 миңден ашык сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин аталган жарандар УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×