Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 19.03.2018 15:38

Сузакта иске ууланып, ооруканага түшкөн үй-бүлөдөгү эне менен баланын абалы жакшырды

Turmush -  Сузак районуна караштуу Кайрагач айылында көмүрдүн исине ууланып, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан эне менен баланын абалы жакшы.

Ооруканадан маалымдашкандай, үч жаштагы А.А.нын абалы жакшы болуп, кечээ ооруканадан чыгарылды. Ал эми энеси А.Зияда жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулуп, дарыланууда. Ушул апта аягында үйүнө чыгарылат.

Буга чейин Сузак районунун Кайрагач айылында бир үй-бүлө мүчөлөрү көмүрдүн исине ууланып, 2 адам каза болгондугу жана эне менен баланын абалы оор экендиги маалымдалган. Окуя ушул жылдын 14-мартында катталган.

Көмүрдүн исине ууланган үй ээси — 1990-жылы туулган А.А. менен 2013-жылы туулган уулу А.Х. көз жумган. Ал эми маркумдун жубайы — 1992-жылы туулган А.Зияда менен 2015-жылы туулган баласы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×