Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Жалал-Абад

Эл ичи — өнөр кенчи: Сузактык К.Түгөлбаев грек-рим күрөшү боюнча ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын 25 жаштагы тургуну Кайрат Түгөлбаев грек-рим күрөшү менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, спорт менен машыгуусуна акелери түрткү болгон.

«Кичинекей кезимде акелеримди ээрчип, залга барчумун. Ошол убакыттан тартып, азыркы күнгө чейин спорт менен машыгып келем. Дүйнөлүк биринчиликке, Азия биринчилигине жана башка көптөгөн эл аралык мелдештерге катыштым. Учурда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсүмүн. 2015-жылы өткөн дүйнөлүк биринчиликке катышып, тилекке каршы 7-орунду алып калгам. Андан кийин 2017-жылы Баку шаарында болгон Ислам тилектештиги оюндарында коло медаль жеңдим. 2017-жылы Парижде болгон дүйнөлүк биринчилике катышып келдим. Андан тышкары көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгом. Күнүнө эртең менен 4 саат жана кечке жуук 4 саат машыгып турам.

Келечекте спорт жаатында көп ийгиликтерди жаратып, дүйнөлүк биринчиликте, олимпиадаларда Кыргызстандын желегин бийик желбиретсем деген максаттарым бар», - деди балбан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1098
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×