Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Сузактык 27 жаштагы келин кайнатасынын ок атуучу куралын милицияга өткөрүп берди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун жашоочуларынан «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү эки курал алынды.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, облустук милиция тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада калк арасынан мыйзамсыз сакталган курал-жарактар алынууда.

Сузак районунун Багыш айылынын 1990-жылы туулган тургуну М.М. (келин) кайнатасынан калган «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралды милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө өз ыктыяры менен берген. Ага чейин милициянын аймактык өкүлдөрү жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн болчу.

Ошондой эле, Кара-Көл ШИИБдин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан 6-февраль күнү болжол менен саат 14:40 чамасында Көк-Бел аймагынан Кара-Көл шаарынын 1958-жылы туулган тургуну А.Д. башкарган «Тойота РАФ 4» автоунаасы текшерилген. Текшерүү маалында унаанын багажынан «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү 5.6 мм калибрлүү ок атуучу курал, үстүндө таамай мээлегич оптикасы жана 79 даана ок-дарысы табылды. Алардын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

12

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1938
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×