Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Сузактык З.Исаков желим түтүктөрдүн 10 түрүн чыгарган ишкана иштетүүдө (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Достук айылынын 58 жаштагы тургуну Зиядин Исаков желим түтүк чыгаруучу чакан ишкана ачып, ишкерлигин өнүктүрүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2009-жылдан бери ишкерлик менен алектенип, айыл элин жумуш менен камсыздап келет.

«Мен бул ишкерликти 2009-жылдан бери улантып келем, башында бир аз кыйынчылыктар болду. Анткени, коңшу Өзбекстан өлкөсүнөн бир аппарат алып келип, ошону менен гана иштечүбүз. Кийинчерээк Кытайдан аппараттарды алып келип, иш күчөй баштады. Учурда биздин чакан ишканадан желим түтүктүн 10 түрү чыгат. Мисалы, 20 метр түтүктөн баштап, 110 метрлик түтүктөргө чейин чыгарылат. Ал эми алардын баасы көлөмүнө жараша 10 сомдон баштап, 250 сомго чейин бааланат. Мындан сырткары айылдыктарды аз да болсо жумуш орундары менен камсыз кылып жатабыз. Учурда тогуз адам туруктуу иштейт, ал эми беш адам күнүмдүк жумушчу», - дейт элеттик ишкер.

Жеке ишкер чыгарган желим түтүктөрдү Кара-Көл шаарынан баштап, Өзгөн шаарына чейин алып кетишет.

«Биздин жумушта атаандаштык күч, анткени шаарда желим түтүк чыгарган эки ишкана бар. Биздин ишкана кайра иштеп чыгарууну жолго койгонбуз, мында колдонуудан чыгып калган полиэтилен плёнкаларды кайра иштетип, желим түтүктөрдү чыгарабыз. Полиэтиленди ээритип, аны жууп, тазалап формага келтиребиз, андан кийин гана түтүк формасына келтирип, иштеп чыгарабыз. Бүгүнкү күндө дүкөндөрдөн плёнканын тазалыгына карап килограммын 25 сомдон 30 сомго чейин сатып алабыз», -деди З.Исаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 627
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
20:37,   17.02.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×