Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Сузакта «Жигули» каналга кулап, айдоочу каза болду

Turmush -  Сузак районунда жол кырсыктан улам айдоочу каза болду. Бул маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, жол кырсык 4-февраль күнү түшкү саат 12:00 чамасында катталган. Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын Дөш айылынын 45 жаштагы тургуну Т.К. «Жигули» үлгүсүндөгү унаасы менен айылда түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, чарбалык ички жолдо башкарууну жоготкон. Анын кесепетинен унаа каналга түшүп кеткен. Айдоочу алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан. Бул окуя кылмыш каттоо китепчесине жол кырсыгы катары катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 658
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×