Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Сузактын тургундары жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүүдөн баш тартып, мектепти убактылуу ачууну талап кылууда (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Орток айылында жер көчкү кооптуулугунан улам 100дөн ашуун бала билим алган мектеп жабылып, жергиликтүү бийлик айылдагы 33 түтүндү коопсуз жайларга көчүрүү аракетин көрүп жатышат. Бирок бийликтин талабына баш ийбеген элеттиктер жылуу-жумшак жеринен көчүүнү каалабастан, мектепти убактылуу ачып берүүнү талап кылышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак районундагы бөлүмүнүн жетекчиси Алманбет Карабековдун айтымында, 1998-жылдан 2005-жылга чейин Орток айылындагы 133 түтүнгө тең жер тилке берилип, 250 миң сомдон ссудалар да берилген. Андагы үй-бүлөлөрдүн 100ү коопсуз жайга көчүп кетишкен. Ал эми 33 түтүн мамлекеттен жардамын алганына карабастан жер которуша элек.

«Кооптуу аймакта жашап жаткан үй-бүлөлөргө эскертмелер берилген. Түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Азыр 33 кожолукту башка аймакка чыгарып кетүү зарылдыгы турат. Мектеп имаратына да кооптуулук жаралгандыктан жабууга туура келди. Быйыл буга чейин коопсуз болуп келген 17 үй-бүлөгө да кооптуулук жаралды», - дейт ал.

Аким Эрмекбай Омошевдин ырастоосунда, айылдагы Т.Алыбаев атындагы орто мектептин окуучуларын Жашасын айылындагы 600 орунга ылайыкташкан Жуманазаров атындагы орто мектепке жайгаштыруу аракетин көрүшүүдө. Жашоочулардын окуу жылы бүткөнгө чейин айылдагы ФАПка которуп туруу боюнча кайрылуусу да каралып жатат.

Түшүндүрүү иштерине карабастан көчүүнү каалабаган жарандарды мажбурлап көчүрүү үчүн сотко кайрылууга аргасыз болушууда. Ал эми, Орток айылынын жашоочулары жер көчкү жүрүүсү мүмкүн болгон жерлерди кайрадан мониторинг жасоо керектигин айтышууда.

Ошол эле тапта айыл жашоочулары өздөрү бир пикирге келе албай, талашып-тартышкан учурлар жок эмес. Саналуу гана жарандар көчүү зарылдыгын айтышса, дээрлиги айылда эл кооптонгудай жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон жарака жоктугун айтып, мектептин жабылганына нааразы.

Элеттиктердин ырастоолорунда, бир нече жылдан бери эки коктудан жаз мезгилинде бир аздан топурак түшүп турат. Буга чейин элге эч кандай зыяны тийген эмес.

«Жарды жарака деп элди дүрбөтүүнүн кереги жок. Бийлик бизди жылуу ордубуздан козгобой эле коюшсун. Мектептин маңдайындагы жарака имаратка эч кандай кооптуулук жаратпайт. Бийлик дүрбүп жаткан колоттон кээде көчкү түшүп, жар болуп катып калат, эл жайкысын чөптөрүн оруп-жыйнап эле жүрөт. Айылдын тоогун да көчкү баскан эмес. Бийлик башка аймакка көчүргөнү менен өзүбүздүн айылдагыдай шарт түзүп бере алышпайт», - деп билдиришүүдө.

Айылдагы аксакалдар арасында «сөөгүм ушул айылдагы топуракка коюлушу керек, эч кайда кетпейм» дегендери да жок эмес. Элеттиктер айрымдарынын айылдан көчүп кетүү ниеттери жок экенин ачык айткандар бар. Мындагы жашоочулар менен Кара-Алма айыл аймагынын жетекчилиги, ӨКМдин Сузак районундагы өкүлдөрү жолугушуп, адистер негиз болгону үчүн кооптуу деп табышканын, башка аймакка көчүү зарылдыгын белгилешти.

Учурда жергиликтүү бийлик 17 үй-бүлөгө жер тилке бөлүп берүү боюнча иш алып барышууда. Алардын балдарын К.Эрматов атындагы жатак мектебине жайгаштыруу жагы каралууда.

Учурда Сузак районунда 900дөн ашык түтүн кооптуу аймакта жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 404
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×