Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Сузактын Орток айылында жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болду (фото)

Turmush -  Кечээ, 24-январда саат 16:45 чамасында Сузак районунун Кара-Алма айыл аймагынын Орток айылында жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болду.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган маалыматты тактоо максатында Сузак райондук жарандык коргонуу комиссиясы, Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башкы адиси жер көчкү кооптуулугу пайда болгон аймакка жөнөп кетишкен.

ӨКМдин басма сөз кызматы Кара-Алма айыл аймагынын Орток айылында кечээ, 24-январда саат 08:00 чамасында көлөмү болжол менен 120 миң метр куб жер көчкү сүрүлүп баштаганын кабарлады. Анын кесепетинен 3 турак үйгө кооптуу абал жаралган.

«ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы, ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башкы адиси, Сузак райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде маалыматты тактоо иш-чараларын жүргүзүштү. Жыйынтыгында коркунуч жаралган турак үйлөрдүн экөөндө тургундар жок экени, ал эми бир үйдө 4 адам жашап жатканы аныкталды. Учурда алар туугандарыныкына көчүрүлүүдө», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Тактоо иштери бүгүн, 25-январда улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 796
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×