Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Сузактык аял 3 ууру түнкүсүн үйүнө кирип, колу-бутун байлап, тоноп кеткенин айтып берди

Turmush -  Сузак районуна караштуу Гулистан айылынын 47 жаштагы тургуну Х.Т. (аял киши) аны коркутууга алып, акчасын жана буюмдарын уурдап кеткен кылмышкерлерди мыйзам чегинде жазалоону талап кылууда. Жабырлануучу окуянын чоо-жайын аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, ушул жылдын 13-январынан 14-январына караган түнү үч ууру анын үйүнө кирип, аны коркутуу менен сумкасындагы акчасын, тагынып жүргөн шакек, сөйкөлөрүн алып, колу-бутун байлап, оозун скотчтоп качып кетишкен.

«Шаардан Гулистан айылына көчүп келгенибизге алты жылдын жүзү болду. Учурда үч уулум менен жолдошум Орусияда эмгектенишет. Үйүбүздө мен, келиним, неберем, кызым жана 13 жаштагы уулум менен чогуу турабыз. Ошол 13-январь күнү дагы кечки тамакты ичип, келиним баласы менен өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип кетишкен. Ар кимибиз өз бөлмөбүзгө кирип кеткенбиз. Түнкү саат 02:30 чамасында бирөө менин мойнумдан катуу кысып, акча талап кыла баштады. Бөлмөм караңгы болчу. Ошентсе да сырттан түшкөн жарыктан үч бала көзүмө көрүндү. Бирөө отуруп алып менден акча талап кылды, экинчиси менин аяк жагымда тик туруп алыптыр. Ал эми үчүнчүсү эшик жакта карап турган эле. Алар менден акча талап кыла башташты. Коркконумдан сумкада акча бар дедим.

Алар сумкамдын арткы чөнтөгүндө турган 1500 сомдун тегерегиндеги акчаны алып, "дагы эмне бар?" деп сурашты. Колумдагы чоң көздүү шакегимди бердим, анын баасы 20 миң сомдун тегерегинде болчу. Коркконумдан кулагымдагы сөйкөмдү да бердим. Уурулар акчамды, алтын буюмдарымды алгандан кийин менин оозумду жана колу-бутумду скотч менен бекем ороп кетишти. Ошол учурда ал балдардын бирөө мага карап: "Үйдө жаш бала бар экенин билгенибизде кирмек эмеспиз" деди. Демек, алар аркы жакта уктап жаткан келинимдин жана кызымдын бөлмөсүнө да кирип көрүшкөн окшойт. Мен коркконумдан "эмнени кааласаң ошону ал, кааласаң малканабызда уйларыбыз бар, аларды да ал" дедим. Башкысы балдарым, неберелериме тийишпесин дедим. Алар кеткенден кийин эптеп кыйкырып жатып, арткы бөлмөдө уктап жаткан баламды ойготуп, колу-бутумду чечтирип, келиним, кызымды чакырып, алардан сурасам эч нерсени билишпегенин айтышты», - дейт ал.

Бул окуяны алар дароо жолдошуна айтышып, андан соң милицияга кабар беришкен.

«Сузак РИИБден мага байланышып, кылмышка шектүү жарандар кармалганын айтышты. Алар өз жазаларын алышсын, ошол окуядан бери кооптонуп жашап калдык. Түнү жакшы уйку да болбой калды», - деди жабырлануучу.

Буга чейин Гулистан айылынын жашоочусун тапанча менен коркутуп, колу-бутун байлап, болгон акчасын алып чыгып кеткен уурулар кармалганы боюнча Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1183
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
20:37,   17.02.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×