Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

«Такыр баштар бычактап кетишти»: Сузактык эне уулун өлтүргөн кылмышкерлерди жоопко тартууну суранат (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Сузак айылынын 41 жаштагы тургуну Тахиржан Хамраев Россияда иштеп жүрүп ушул жылдын 12-январында киши колдуу болуп көз жумду. Анын сөөгү Кыргызстанга алынып келинип, 17-январь күнү жерге берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маркумдун апасы Хайринса Хамраева билдирди.

61 жаштагы эне уулун өлтүргөн мыкаачыларды жоопко тартуу үчүн Кыргызстандын бийлигинен салым кошууну суранат.

«Уулум Тахиржан өткөн жылдын май айында Россияга жумуш издеп кеткен. Ал Москва облусунун Ногинск шаарында көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштеп жаткан болчу. "Суукта үйгө эле кел" десем бир абышка-кемпирдин үйүндө жашап жатканын, алар жакшы адамдар экенин айтты. Алар уулума жакшы жумуш таап берүүнү убадалашкан экен. Уулум жумушка жаңы эле кирген эле. 12-январь күнү Россияда иштеген уулдарым — Гафуржан жана Тахиржан менен WhatsApp аркылуу сүйлөштүк. Көрсө ал күнү уулум менен акыркы жолу сүйлөшүптүрмүн. Уулум жумуштары менен сыртка чыгып, такыр баштарга (скинхед) жолугуп калыптыр. Алар аны аёосуз бычакташыптыр. Анын колунун манжалары менен бет сөөктөрү гана жаракат алган эмес. Баламды өтө мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр. Боорукер баламдын эмне жазыгы бар эле? Кайсы күнөөсү үчүн мындай окуяга туш болду билбейм. Уулум каза болгон жерде бир ай мурун эки кыргыз жигит ур-токмокко алынып, жан беришкен экен. Учурда баламдын өлүмү боюнча Россиянын полициясы иштеп жатыптыр. Биздин бийлик өкүлдөрүнөн бул окуяны көзөмөлгө алуусун суранам.

Уулумдун артында 4 баласы калды. Балдарынын улуусу 18 жашта болсо, кичүүсү болону 18 айлыг. Неберелерим атасыз калышты. Кылмышкерлердин колунан бир эмес эки уулум көз жумду. 7 неберем жетим калды», - деди ал.

Т.Хамраевдин бир тууган иниси Гафуржандын айтымында, 12-январь күнү байкеси экөө жолугуп, ал анын телефону менен интернет аркылуу жакындары менен сүйлөшкөн. Ага-ини сүйлөшүп отуруп, андан кийин Гафуржан жумушуна кеткен. Ошол күнү кечинде байкесинин каза болгону тууралуу кабар келип, анын өлүмүнө шектүү катары сурак берген.

«Аталган күнү мага бир шайман керек болуп агама бардым. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп, интернет аркылуу туугандарыбыз менен баарлаштык. Агам "мен жашаган үйдүн ээсинин дачасын иретке келтиргенге жардам берип кой" деди. Мен саат 16:00-17:00 чамасында бошоп келе турганымды айтып, жумушка кеттим. Айтылган убакта мен иштеген жерге жүк келип, бошобой калдым. Агам байланышканда жагдайды түшүндүрүп, алган шайманды эртеси алып бара турганымды айттым. Байкем менен саат 16:40та сүйлөшкөнбүз. Саат 17:40 чамасында мага бирөөлөр телефон чалып, агам бычакталып ооруканада жатканын билдиришти. Агам акыркы жолу мага телефон чалгандыктан милиция алгач кылмышка шектүү катары мени кармашты. Бир сааттай сурак берип чыктым. Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүз жана бир тууган экенибиз такталган соң мени кое беришти. Бир тууганымды бычактаган кылмышкерлердин жоопко тартылышына көзүм жетпей турат. Анткени аны Ногинск шаарында өлтүрүшсө, тергөө Черноголовка шаарында өттү. Сөөк Старая Купавнадагы өлүкканага жиберилген. Окуяга күбө болгондор агамды такыр баштар (скинхед) бычактап кеткенин айтышыптыр. Биз аба майданына келгенде тергөөчүлөр кылмышка шектүү кармалганын билдирип, телефон номурумду алып калышкан. Азырынча биз менен байланыша элек», - деди ал.

Аталган үй-бүлө укук коргоо органдарынан жана бийликтен кылмышка шектүүлөрдү жоопко тартууга жардам берүүнү өтүнөт. Эки уулу тең кылмышкерлердин колунан каза болгонун айткан Хайринса Хамраева 7 жыл мурун көз жумган уулун өлтүргөндөр кармала электигин белгиледи.

«2011-жылы 1978-жылы туулган уулум Илхомжанды белгисиз адамдар атып кетишкен. Алгач алар эскертүү катары уулумдун Сузак айылындагы үйүн өрттөшкөн. Кылмышкерлер эл аралык издөөдө жүрөт. Кыргызстанда оокат кылгыла дейин десем жумуш жок. Устачылык менен алектенип, нан таап жаткан уулум биздин айылда өзүнчө жашачу. Ал 3-4 баланы бириктирип алып устачылык кылчу. Анын иштегенин көрө албагандар коркутуп, акча талап кылышкан. Алардын талабын аткарбай койгондон кийин үйүнө өрт коюшту, андан кийин атып кетишти. Илхомду өлтүргөндөр Санпа окуясына (Санпа пахта иштетүүчү заводдун жанында адамдар чогулуп, жолдо өткөн унааларга куралчан кол салышкан) күнөөлүү деп табылып, эл аралык издөөдө жүргөндөр экени аныкталган. Арадан 7 жыл өтсө да уулумду өлтүргөндөр жазага тартыла элек», - деди Хайринса Хамраева.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5320
Көп окулду
×