Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Фото — Сузактык үй-бүлө 20 жылдан бери мал сарайдын 2 бөлмөсүндө жашайт

Turmush -  Сузак районуна караштуу Гулистан айылындагы Юсубалиевдердин үй-бүлөсү 20 жылдан бери Союз мезгилинен калган мал багылуучу сарайдын 2 бөлмөсүндө жашап келишет. Аймактык кабарчы аталган үй-бүлөдөн кабар алды.

34 жаштагы Жаркынай Юсубалиеванын айтымында, Союз мезгилинен калган мал сарайдын эки бөлмөсүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүп алышкан. Анда төрт баласы жана карыган ата-энеси менен күн кечиришет.

«Үй-бүлөдө 4 кыз жана 3 уул болуп чоңойдук. Биз кичинекей кезибизден бери ушул сарайда жашайбыз. Атам 80 жашка чыгып калса, апам 70 жаштан ашты. Алар да ушул сарайда колхоздун малын кайтарып, саанчы болуп эмгектенишкен. Кийинчерээк ушул жерге байыр алып жашап калышкан. Улуу агам өтүп кеткен, андан кийинки агам Жалал-Абад шаарында эртели-кеч араба сүйрөп, өз үй-бүлөсүн багып келет. Кенже агамдын бөйрөгү ооруп, бир бөйрөгүнөн операция болуп, экинчисин алдырган. Бирок ага оор жумуш жасоого болбойт. Өзүм турмуш шартка байланыштуу башым тез-тез ооруп, оорукчан болуп калдым. Бир уулум жана бир кызым Кызыл-Байрак айылындагы мектеп интернатында жатып окушат. Өзүм эки кичинекей уулум менен ата-энемди карап отурам. Күйөөм шаарда жайгашкан облустук оорукананын алдындагы унаа токтоочу жайды көзөмөлдөп иштейт. Ал күнүнө ашып кетсе 250 сом же 300 сом акча таап келет. Анын тапкан акчасы ондон ашык адамды багууга жетпейт.

Айылдагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына киргенбиз. Айыл өкмөттөн арыз аркылуу жер тилке сурап кайрылганыбызга 5 жылдын жүзү болду, бирок жооп жок. Ушул маселени карап, жер тилкесин бөлүп берсе жакшы болот эле», - дейт Ж.Юсубалиева.

Ал эми Жаркынайдын апасы Өктөм Юсубалиева небересине 2 жылдан бери жөлөк пул ала албай жатканын айтат.

Анын айтымында, айыл башчыга бир аз тыйын беришип, жөлөк пул чыгартышкан. Ал акча 1 жылдан кийин токтоп калды. Бирок алар тийиштүү жерлерге себебин сурап кайрылышкан эмес.

Ал эми айыл өкмөттүн маалыматына караганда, бул үй-бүлөнүн абалынан алардын кабары бар. Алар тарабынан жардам берилип, кышкы камылга үчүн көмүр да таратылган. Эгер элге жер берүүгө уруксат берилсе бул үй-бүлөнүн да аталган маселеси чечилет.

Таш-Булак айыл өкмөтүндө 21 миң 190 жашоочу бар, ал эми социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 668ди түзөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2049
Көп окулду
×