Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Сузактык аялды тапанча менен коркутуп, акчасын, алтындарын алып кеткен 4 адам кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абадда каракчылыкка шектүү делип 4 адам кармалды, деп билдирди ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Сузак районунун Гулистан айылынын 47 жаштагы тургуну ОИИБге арыз менен кайрылган. Анда ал 2017-жылдын 13-январында анын үйүнө беткапчан белгисиз адамдар кирип, тапанча менен коркутуп, анын колу-бутун байлап, акча жана алтын буюмдарын талап кылышкандыгын айткан. Үйдө келини балдары менен болгон. Жабырлануучу өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнөн кооптонуп, кылмышкерлерге акча жана алтын буюмдарын берген.

Оперативдүү иштердин жүрүшүндө ОИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип 4 адам кармалды. Алар — 1977-жылы туулган А.Ш., 1994-жылы туулган С.М., 1999-жылы туулган Р.О. жана 1992-жылы туулган А.С.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

50

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2090
×