Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Сузактагы элдик жыйынга министрлердин орун басарлары келишкен жок (фото)

Turmush -  Бүгүн, 16-январда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өкмөт башчынын тапшырмасына ылайык элдик жыйын болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйынга тийиштүү министрлердин орун басарларынын келүүсү күтүлүп жаткан, бирок алар аба каттамы үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу келбей калган. Тактап айтканда, Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар жана башка тийиштүү министрликтердин башчыларынын орун басарлары келишмек.

Элдин көйгөйү айтылчу жыйынга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков жана башка облустун башчылары катышып, калк көйгөйүн угушту. Анда жергиликтүү тургундар негизинен жер көчкү, дамбаларды оңдоо маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле, капиталдык курулуш, таза суу маселелери козголду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1182
×