Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абаддагы жол кырсык: Жабыркаган 6 адамдын абалы оор, арасында кош бойлуу келин бар (фото)

Turmush -  Сузак районунда катталган жол кырсыктын кесепетинен оор жараат алып, облустук ооруканага жаткырылган жарандардын абалы оор жана туруктуу.

Жалал-Абад облустук ооруканадан маалымдашкандай, ооруканага 7 адам кайрылган. Алардын экөө биринчи медициналык жардам алып, үйлөрүнө чыгып кетишкен. Жеңил унаанын айдоочусу — Ынтымак айылынын 1980-жылы туулган тургуну М.Орозбек баш мээсинен жараат алып, ички органдары үзүлүп кеткен. Катуу жабыркаган бейтап кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көрсөтүлгөн жардамга карабай каза болгон.

Жабыркагандар:

- 1957-жылы туулган И.К., Сузак районунун Чөкө-Дөбө айылынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө жатат, баш мээсинен жараат алган;

- 1960-жылы туулган М. Г., Сузак районунун Маркай айылынын тургуну, нейрохирургия бөлүмүндө жатат, баш мээсинен жараат алган;

- 1985-жылы туулган Э.К., Сузак районунун Винсовхоз айылынын тургуну, нейрохирургия бөлүмүндө жатат, баш мээси чайкалган, 7-8 жума кош бойлуу;

- 1975-жылы туулган М.А., Ынтымак айылынын тургуну, моюн тарабынан жаракат алган, мас абалда болгон (болжолдуу маалымат боюнча каза болгон айдоочунун бир тууганы);

- 1990-жылы туулган И.Н., Ленин айыл аймагынын тургуну, амбулатордук жардам берилип, үйүнө жөнөтүлгөн;

- 1984-жылы туулган Э.Б., Сузак районунун Винсовхоз айылынын тургуну, арка омурткасы жабыркап, амбулатордук жардам берилип, үйүнө жөнөтүлгөн;

Учурда бейтаптардын абалы туруктуу оор, бардык жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына караганда, жол кырсык кечээ, 10-январда саат 17:30 чамасында Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун 2-чакырымында, тактап айтканда Сузак районуна караштуу Ынтымак айылында катталган. Жалал-Абад—Винсовхоз каттамында келе жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус менен «Мазда 626» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен 7 адам облустук ооруканага түшкөн.

Жүргүнчүлөрдү ташыган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа өз жолунда бара жатканда Ынтымак айылынын тургуну М.О. башкарып бара жаткан жеңил унаа кичи автобусту ашып өтүүгө аракет кылганда кырсыкка учураган. Учурда окуя боюнча териштирүү иши жүргүзүлүп, автотехникалык экспертиза дайындалды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2278
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×