Бөлүмдөр
Ишемби, 20-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда кичи автобус менен сүзүшкөн жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, 6 адам жабыркады (фото)

Turmush -  Сузак районунда жол кырсыктан улам 1 адам каза болуп, 6 адам оор жаракат алды. Мындай маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү да тастыктады.

Маалыматка караганда, жол кырсык кечээ, 10-январда саат 17:30 чамасында Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун 2-чакырымында, тактап айтканда Сузак районуна караштуу Ынтымак айылында катталган. Жалал-Абад—Винсовхоз каттамында келе жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус менен «Мазда 626» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен 7 адам облустук ооруканага түшкөн.

Жүргүнчүлөрдү ташыган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа өз жолунда бара жатканда Ынтымак айылынын тургуну М.О. башкарып бара жаткан жеңил унаа кичи автобусту ашып өтүүгө аракет кылганда кырсыкка учураган. Учурда окуя боюнча териштирүү иши жүргүзүлүп, автотехникалык экспертиза дайындалды.

Облустук ооруканадан алынган маалыматка караганда, аларга 7 адам оор жараат менен түшкөн. Алардын ичинен 1 (жеңил унаанын айдоочусу) адам каза болгон. Калган 6 бейтаптын экөө жандандыруу бөлүмүндө, төртөө палатада дарыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1075
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×