Бөлүмдөр
Ишемби, 20-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузактагы үй-бүлөгө кол салуу: Каза болгон үй ээсинин аялы менен кызынын абалы жакшырды

Turmush -  Сузак районунда уурулардын кол салуусунан улам каза тапкан үй ээсинин аялы менен кызынын абалдары жакшырып калды.

Сузак аймактык ооруканасынан алынган маалыматка караганда, 2017-жылдын 30-декабрында таңга жуук бир үй-бүлөдөн үч адам оор абалда ооруканага түшкөн. Үй ээси — 1956-жылы туулган С.Т. эс учун жоготкон оор абалда келип, жандандыруу бөлүмүнө кабыл алынган. Дарыгерлердин аракетине карабай, ал өзүнө келбей 3-январь күнү дүйнө салган. Анын баш сөөгү сынып, оор жараат алгандыктан аны куткарып калууга мүмкүн болгон эмес.

Ал эми үй ээсинин жубайы С.Х. менен 2002-жылы туулган кызы С.М. да оор абалда болчу. Эне-баланын мээси чайкалган. 16 жаштагы С.М. үч күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, андан соң энесинин жанына палатага которулган.

«Алар азыр травматология бөлүмүндө дарыланышууда. Абалдары орточо», - деп билдиришти ооруканадан.

Буга чейин Сузак районунда бир үй-бүлөгө кылмышкерлер кол салып, үй ээси алган жараатынан улам каза болгондугу жана аялы жана кызы жараат алышкандыгы маалымдалган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 29-декабрдан 30-декабрга караган түнү Сузак районунун Күмүш-Азиз айылындагы үйлөрдүн бирине болгон. Белгисиз кылмышкер үйгө мыйзамсыз түрдө киришип, үйдүн тургундарын уруп, ден соолугуна жарат келтиришип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул окуя боюнча Сузак РИИБге кабар келип түшкөн.

Уурулар темирден жасалган мык сууругуч жана күрөк менен жабырлануучулардын бети-башына, денелерине уруп, үйүнүн ичинен баалуу буюмдарды издешкен, бирок таба албагандыктан окуя болгон жерден качып кетишкен.

«Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил буюм алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы жана Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ыкчам-иликтөө иши жүргүзүлдү. Издөө иштеринин натыйжасында 4-январда Сузак районунун Кайрагач айылынын 1995-жылы туулган тургуну Б.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө буга чейин жабырлануучу аялдын ортосунда аласа-береседен калган акча каражатынан улам чыр чыккандыгын айткан. Аны менен катар кылмышка шектүүнүн жакынкы аймакта мурда катталган 4 уурулук фактыларына катышканы далилденген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1712
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×