Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Жалал-Абад

Сузакта аз камсыз, майып жана жетим балдарга акимдин жаңы жылдык белектери тапшырылды (фото)

Turmush -  Сузак районунда социалдык жактан аз камсыз болгон 180 балага акимдин жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамды өткөрүүгө акимдин резервдик фондунан 114 миң сом бөлүнгөн.

«Жаңы жыл майрамына карата социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим, жарым жетим балдарга балаты майрамын өткөрүп жатабыз. Ага райондогу 13 айыл өкмөттөн жана бир шаардан 15 бала чакырылып, жалпы 180 бала катышты. Алардын ар бирине акимдин белектери тапшырылды. Ошондой эле, майрамды өткөрүүгө демөөрчүлөр да өз салымдарын кошушту. Мындан сырткары, майрамга мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да катышты», - деди акимдин орун басары Асылкан Раманкулова.

Өткөн жылы акимдин жаңы жылдык балаты майрамына 110 миң сом бөлүнүп, ага 160 бала катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 940
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×