Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Сузактык фермер Н. Жоробеков Азербайжандан үйрөнгөн ыкма менен козу карын өстүрүп жатат (фото)

Turmush -  Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Боз-Чычкан айылынын 29 жаштагы тургуну Нурсултан Жоробеков дыйканчылык менен алектенип, козу карын өстүрөт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектепти аяктап жатканда өз алдынча пахта өстүрүп, 400 миң сомдон ашык киреше тапкан.

«Пахта өстүрүүгө кызыгып, ата-энеме айттым. Алар мага багыт берип, колдоо көрсөтүштү. Сабактан чыккандан кийин көбүнчө убактымды пахта талаасында өткөрдүм. Ак алтынды жыйноого жана башка иштерге ата-энем 40 миң сомго жакын акча берди. Жаз мезгилинен тарта жасаган эмгегим акталып, пахтадан жалпы 400 миң сомдон ашык киреше түшкөн. Андан кийин дыйканчылыкка болгон кызыгуум артып, фермер болууга толугу менен кириштим. Ал учурда пахтаны заводкг тапшырчумун. Кийин түркиялык ишкерлерге жолугуп, алар менен иштешип калдым. Азыр деле пахта жана беде эгем. Жерлерди ижарага алып иштетем. Эгинди сугарып, ага кам көрсөң түшүмдү жакшы берет. Элибизде "эл эмгегин жер жебейт" деп бекеринен айтылбаса керек», - деди ал.

Н.Жоробеков белгилегендей, дыйканчылыктын арты менен «Жаш ишкерлер ассоциациясына» (ЖИА) мүчө болуп, форумдарга катышып жатат. Ал чет мамлекеттерде өткөн эл аралык форумдарга да катышкан.

«Кыргызстанда жок өсүмдүктөрдү өстүрүүнү каалайм. 2008-жылы Азербайжандагы эл аралык форумда бир фермердин козу карын өстүргөн күнөсканасына кызыгып, аны өстүрүүнүн ыкмасы тууралуу маалымат алгам. 2011-жылга чейин азербайжандык фермер менен байланышты үзбөй, козу карындын вешенка деген түрүнүн уругун алдыргам. Козу карын нымдуу жерде өсөт. Бул өсүмдүктү өстүрүү үчүн алгач саманды кайтанып, мүшөккө салуу керек. Андан кийин урук себилет. Козу карын өнүп, агарып чыга баштаганда мүшөктүн четтерин тешип коюу керек. Алгач бир мүшөккө урук салып, өстүрүп көрдүк. Андан кийин 10-20 мүшөккө өстүрдүм. Учурда 80 мүшөккө жеткирдим. Анын ар биринен 20-30 килограмм козу карын алууга болот. Козу карын жылдын 4 мезгилинде тең түшүм берет», - деди ал.

Анын айтымында, козу карынды туздап жатканда өзгөчө көңүл буруу керек. Ал үчүн 15-20 күн өтөт.

«Козу карынды өзүм туздайм, жубайымды аралаштырбайм. Аны туздоо оңой жумуш эмес. Туздап, идиштерге салып жатканда даамына жана түсүнө өзгөчө көңүл бурам. Аны жаңы жылдын алдында сатам. Козу карын өстүрүүгө кызыгып, мага келип урук сурап кеткендер бар. Аларга тажрыйбам менен бөлүшүп жатам», - деди ал.

Жаш фермер акыркы эки жылдан бери күнөсканада помидор жана бадыраң өстүрүп жатканын билдирди.

«Балды катырып, таңгактап экспорттоого да кызыгып жүрөм. Тапкан кирешемдин бир бөлүгүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандарга жардам катары берем», - деди ал.

Нурсултан Жоробеков жубайы экөө 1 уул жана 1 кызды тарбиялап жатышат. Ал Ош технологиялык университетинин информатика багытын бүтүргөн. Анын жубайы билим берүү тармагында эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2091
Көп окулду
×