
Turmush - Сузак районунда 41 жаштагы адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 3-декабрда саат 18:30дар чамасында Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 38-чакырымында катталган. Анда белгисиз айдоочу Сузак районунун Таран-Базар айылынын 1976-жылы туулган Д.А.ны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Д.А., алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Аталган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги, ОИИБдин жана Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам топтору чыгышып, жол кырсыгы болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалар, фото-таблицалар түзүлгөн.
«Кылмыш изин суутпай Жалал-Абад ОИИБдин Патрулдук милициясы тарабынан кылмышка шектүү кармалган. Ал Сузак районунун 1990-жылы туулган А.у.М, аттуу тургуну экендиги аныкталды. Ал «Дэу-Тико» үлгүсүндөгү унаасы менен келе жатып, айыл тургунун сүзүп алган соң, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал Сузак районунун Жерге-Тал айылында кармалган. Кийинчерээк айдоочу мас абалда болгондугу аныкталган», - деп айтылат маалыматта.