Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 24.11.2017 16:35

Россияда иштеген сузактык мигранттар өздөрү окуган мектептин спорт залын оңдоп беришти (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Калмак-Кырчын айылында О.Тажибаев атындагы мектептин спорт залы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, оңдоо иштери аталган айылдагы мектепти бүтүп, учурда Россияда иштеп жүргөн мекендештер тарабынан аткарылды.

Россияда иштеп жүргөн элеттиктер биригип, «Калмак-Кырчын» фондун түзүшкөн. Мындагы фондго алар мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өз салымдарын кошуп, жалпы 1 миллион 500 миң сомдон ашуун каражат топтошкон. 

Спорт залды оңдоо жумушу август айында башталып, ноябрь аягында соңуна чыкты. Бүгүн бул спорт залдын ачылыш аземи өтүп, ыйгарымдуу өкүлдүн орун басары Ы.Ызабеков, район акими Э.Омошев баштаган бийлик өкүлдөрү жана Россияда жүрүп колдоо көрсөткөндөрдүн баш сабында турган Арстан Бечелов, Марат Маматов аттуу жарандар катышып, өздөрүнүн жылуу пикирлерин билдиришти.

О.Тажибаев атындагы мектеп 1989-жылы пайдаланууга берилип, 320 окуучуга ылайыкташкан. Учурда 303 окуучу билим алат жана 36 мугалим эмгектенет. Мындагы мектептин спорт залына жардам бергендерге элеттиктер өзгөчө өз ыраазычылык билдиришип, ак батасын беришти. Мектеп окуучулары да колдоо көрсөткөндөргө өздөрүнүн концерттик программасын тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×