Бөлүмдөр
Ишемби, 20-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузактык имам 10 жаштагы балага сексуалдык аракеттерди жасаганы үчүн 20 жылга камалды

Turmush -  Сузак райондук соту 10 жаштагы балага бачабаздык аракет жасап жүргөн деп күнөөлөнгөн имамга карата өкүм чыгарды.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, чечим ушул жылдын 28-сентябрында чыгарылган.

Маалыматка караганда, райондук соттун өкүмү менен П.Г. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү (жаш балага карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Ошондой эле, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Мындан тышкары, ал 299-2-берененин 1-бөлүмү (экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылып, динге байланыштуу белгилүү бир кызматтарды ээлөө, белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылган.

«КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин 1-бөлүмүнүн (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча белгиленген жазаларды бири-бирине жарым-жартылай кошуу менен биротоло 21 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленди. Динге байланыштуу белгилүү бир кызматтарды ээлөө, белгилүү иш жүргүзүү укугунан да ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленди. Аталган өкүм апелляциялык тартипте даттаннылган жок жана өкүм 2017-жылдын 9-октябрында күчүнө кирип, аткарууга берилди», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Сузак районунда 10 жаштагы балага бачабаздык аракет жасап жүргөн деп шектелип имам кармалгандыгы маалымдалган.

Жалал-Абад ОИИБден билдиришкендей, 2006-жылы туулган баланын апасы Сузак районундагы имамдардын бири анын уулун жыныстык катнашта пайдаланып жүргөнү боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлаган.

Арыздануучунун айтымында, мечит имамы үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында баласын жыныстык катнашка түрткөн. Арыз жазылган күнү соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертиза дайындалган. Ошол эле күнү КЖКнын 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зордук аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1351
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×