Бөлүмдөр
Ишемби, 20-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ош—Бишкек унаа жолундагы рейдде түнкүсүн жүргөн 50 айдоочуга протокол түзүлдү (фото)

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунда рейд жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга протокол түзүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, рейд Ош—Бишкек унаа жолунун Сузак райондук айлампасында өткөрүлдү. Рейд алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга административдик проктолдор түзүлдү.

Патрулдук милициянын уюштуруу жана үгүт боюнча тескөөчүсү Нурлан Саркаровдун айтымында, кооптуу делген жүк ташуучу унаалар менен жүргүнчү ташыган жалпы 50 унаага административдик протокол толтурулду.

«Негизи жол кыймылынын эрежеси боюнча караңгы киргенден кийин эле кооптуу делген жүк ташуучу унаалар токтошу керек. Рейд учурунда 30 унаа токтотулуп, административдик чара көрүлдү. Ошондой эле, жүргүнчү ташыган 20 унаага да протоколдор толтурулду. Алар өз нормасынан ашык жүргүнчү салып алышкан. Рейд жол кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлүп жатат», - деди Н.Саркаров.

Эске салсак, Ош—Бишкек жолунун Жалал-Абад аймагынан күнүнө божомол менен 6-7 миң унаа өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 564
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×