Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Жалал-Абад

Д.Зилалиев Сузактагы №2393 шайлоо участкасынын абалын эл аралык байкоочулар көрсө уят экенин айтты (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 20-сентябрда вице-премьер-министр Д.Зилалиев Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы шайлоо участкаларынын абалын жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач Жалал-Абад шаарындагы балдар түрк лицейиндеги №2099 шайлоо участкага барды. Мындагы шайлоо участкасы толугу менен даяр экени белгиленди.

Андан кийин №75 кесиптик лицейдеги №2101 участкасында болуп, анда жайгашкан жай шайлоочулар үчүн тардык кылаары айтылып, ашканасына жылдырылмай болду. Андан соң, Сузак районундагы Мадурмар-Ата комплексиндеги №2406 шайлоо участкасынын абалы да текшерилди. Мындагы участка 2010-жылдан бери иштеп келе жатат. 10 миң сом ижара акы төлөнүп берилет, 700дөн ашуун шайлоочу бар.

Мындан соң, «Достук» жеке ишканасынын имаратында жаңыдан ачылган №2393 шайлоо участкасына барып, анын абалы Д.Зилалиевди канааттандырган жок.

«Бул жер эч кандай оңдоодон өткөн эмес. Ушул абалда шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес, эл аралык байкоочулар келсе уят болобуз. Оңдоо иштерине каражат керек болсо айткыла, бөлдүрүп берейин. Заманбап техникалар менен жабдылып, өткөрүлүп жаткан шайлоого кайдыгер мамиле жасабайлы», - деди Д.Зилалиев.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул имарат бир ирет сырдалганын айтышты, бирок вице-премьер-министр алардын маалыматына ынанган жок. Участкаларды кыдыргандан кийин мекеме-ишканалардын жетекчилери менен шайлоонун даярдыктарын талкуулаган жыйында да Д.Зилалиев Сузактын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн «имарат бир ирет сырдалган» деген маалыматы чындыкка дал келбей жаткандыгын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2116
Көп окулду
×